Жашы: 40 жашта Бизнес идеясы: Тигүү кызматын көрсөтүү жана тигүү буюмдарын чыгаруу Продукциясы: Даяр бычылган кийимдерди тигип берүү, кийимдерди жана кездеме буюмдарын оңдоп түзөө кызматын көрсөтүү. Терезе пардоолор, жууркан, төшөктөрдү буюртма алып тигип сатат. Программадан алган пайда: Акча каражатын үнөмдүү жана максатуу колдонуу, ишкердикте кандай салыктарды төлөө, кардар менен өнөктөштук мамиле түзүү жана кардардын суроо-талабын изилдөө, бизнести туура пландоону, туура эсептөөлөрдү жасоо
Практикада кантип колдонуп жатат: бизнес көндүмдөрүнөн алган билимимде бизнести туура пландап иштөөнү, сезондуу убактарды туура пайладануу, өз продукициямды чыгаруу жөнүндө ойлонуп колдонуп жатам.. Келечек пландары: Келечекте ушул цехти кеңейтким келет. Кошумча жергиликтүү калкка керектүү уй-буюмдарын, кийимдерди кошумча чыгарып өндурсөм дейм. Өзүмдүн кичи цех имаратым жана тигилген кийимдеримди саткан соода жайым болушун кыялданам жана аракет кылып жатам
Бизнестеги тарыхы: Билимим орто. Тигүү жаатында тажрыйбам 10 жыл. Тигүүнү өз алдынча үйрөндум. Алгач өзум цехтерде тигүүчү болуп иштеп жүрдүм. Анан үйгө түз тигүү жана 5 жиптүү машинасын алып, жалгыз иштеп келгем. 2022-жылы сентябрь айында социалдык контрактын негизинде 100000 сом каражатка үйдөгү тигүү машинама кошумча 3 тигүү машинасын алып, алып кошумча кызым 2 кошунам менен иштеп баштадым. Учурда 5 тигүүчү жумушка алып кичи цех иштетип жатам. Түшкөн каражатка дагы 3 машина алып кеңейтип кел
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation